КОНКУРС
Маданият жана искусство тармагында чакан гранттар
Кыргызстандагы Швейцария Өкмөтүнүн (Government of Switzerland) колдоосу менен
"Кудук" КФ Кыргызстандагы Швейцария Өкмөтүнүн (Government of Switzerland) колдоосу менен искусство тармагындагы чакан гранттардын конкурсун жарыялайт.

Сынак 5 жылдан кем эмес иш стажы бар маданий долбоорлордун демилгечилери (маданият тармагынын жетекчилери, өз алдынча маданият кызматкерлери жана уюмдардын өкүлдөрү) үчүн арналат.

Чакан гранттардын максаты Кыргызстандын аймактарындагы аянтчалардын (маданият үйлөрүнүн, китепканалардын, музейлердин, жаштар борборлорунун ж.б.) туруктуу иши үчүн арт-менеджерлердин практикалык көндүмдөрүн күчөтүү жана колдоо.
ИЙГИЛИКТҮҮ КЕЙСТЕР
Ишке ашырылган чакан гранттар
Бүтүрүүчүлөрүбүздүн чакан гранттарынын Фонд тарабынан 2023-2024 жылдары колдоого алынган ийгиликтүү долбоорлорунун бир нече мисалдары.
Арт-инициатива Гульнур Кожобаевой
«Эр-Тоштук. Легенды о прошлом»
Арт-инициатива Александра Иванова
«Наука помнить»
Арт-инициатива Айназик Токтоболотовой «По крупицам»
Арт-инициатива Нурпери Орунбаевой «Ош глазами художниц»
Арт-демилгелерди тандоо боюнча биздин критерийлер:

1.Маданият тармагында иш алып барган демилгечилерге арналган;
2. Өтүнмө берүүчү долбоор ишке ашырыла турган юридикалык жактын же уюмдун (КФ, КУ, ЖЧК, ЖИ) атынан өтүнмө берет. Жеке, көз карандысыз өтүнмөлөр каралбайт;
3. Долбоордун идеясы Кыргызстандагы иштеп жаткан аянтчалар: музейлер, маданият үйлөрү жана китепканалар менен тыгыз өнөктөштүктү негизге алышы керек;
4. Долбоорлор маданий мурас, адам укугу, билим берүү, гендердик теңчилик ж.б. темалардагы маданий иш-чараларды (көргөзмөлөр, воркшоптор, театрлаштырылган оюндар, перформанстар) камтышы мүмкүн;
5. Тандалып алынган талапкерлер долбоордук идеялар менен өтүнмөлөрдү жакшыртуу, мониторингдин методологиясынын иштелмелери менен демилгелерди баалоо, менторлордун (улуттук тренерлер) жана эл аралык эксперттердин колдоосунда долбоордун имплементациясы боюнча эл аралык жумушчу сапарларга катышууга даяр болушу керек: онлайн (март-ноябрь 2025), Бишкек шаарында оффлайн (2025-жылдын 13-16-марттында үч күн бою) жана жыйынтыктоочу көргөзмөдө (2025-жылдын 15-25-ноябрь күндөр аралыгында 2 күн бою). *Фонд аймактардан келген катышуучулардын Бишкекке 2 жолу келип кеткен бардык чыгымдарын каржылайт (жол киреси,тамактануу, кала турган жери).
6. Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү 1 айдан 3 айга чейин болушу мүмкүн. Долбоордун имплементациясы 2025-жылдын 20-майынан 20-октябрьга чейин болушу керек;
7. Долбоордун кайтарым бюджети 30 000 сомдон 87 000 сомго чейин. 87 000 сомдон ашуун бюджети болгон демилгелер кош каржылоо учурунда гана каралышы мүмкүн;
8. Тандалган долбоорлордун ар бири «Кудук» фонду тарабынан берилген ментор тарабынана коштолот. Ал консультацияга муктаж болгон учурда координатор менен иштейт, ошондой эле мониторинг жана баалоо жүргүзөт. Долбоорлордун жумушчу тили: кыргызча, орусча же долбоор ишке ашырыла турган жердин тилинде;
9. Өтүнмө берүүчү долбоордун концепциясын, кыскача сыпаттамасын, максаттарын, милдеттерин, иш-чаралардын планын жана бюджетин камтыган анкетаны толтурушу керек.
10. Бардык долбоордук сунуштар эл аралык калыстар тобу тарабынан бааланат. Уюштуруучулар конкурстук тандоодон өтпөй калган долбоордук сунуштарга пикир калтырбоо укугуна ээ.

Өтүнмөлөрдү тапшыруу дедлайны: 2025-жылдын 23-февраль (23:59 чейин). Өтүнмөлөрдү кароо мөөнөтү 2025-жылдын 24-28 февраль күндөрү.

Конкурстун жыйынтыктарын жарыялоо жана Бишкекте жумушчу жолугушууга чакыруу: 2025-жылдын 3 март күнү.

Долбоордун координаторлору:
Алина Махмедова: alinamakhmedova@gmail.com / 0555281519
Устиньа Прокопьева: ustinyaprokopieva@gmail.com / 0509898090
Долбоорлор үчүн өтүнмөнүн формасы
Чакан гранттардын конкурсу Швейцариянын Өкмөтүнүн (Government of Switzerland) колдоосу жана «СТАН» жаштар уюму (Украина) менен «Маданият жана менеджмент лабораториясынын» (Грузия) өнөктөштүгүндө ишке ашырылып жаткан «Борбор Азиядагы көркөм өнөр жана маданият» программасынын алкагындагы «Маданий лидерлик программасы – аймактарды өнүктүрүү үчүн маданият» долбоору боюнча ишке ашырылып жатат.

Программанын негизги максаты — кризистик жана кризистен кийинки мезгнилде арт-коомчулукту жана жалпы маданий секторду активдештирүү аркылуу Кыргызстандын туруктуу экономикалык, социалдык, маданий жана демократиялык өнүгүүсүнө жардам берүү, жергиликтүү деңгээлде креативдүү индустрияны түзүү, жарандардын өз аймагынын жана өлкөсүнүн маданий саясатына тийгизген таасирин күчөтүү.