КОНКУРС
Маданият жана искусство тармагында чакан гранттардын сынагы
«Кудук» КФ Кыргызстандагы Швейцария Өкмөтүнүн (Government of Switzerland) колдоосу менен
«Кудук» КФ Кыргызстандагы Швейцария Өкмөтүнүн (Government of Switzerland) колдоосу менен искусство тармагында чакан гранттардын ачык сынагын жарыялайт. Сынак «Маданий лидерлик программасы – аймактарды өнүктүрүү үчүн маданият» долбоорунун 2021-жылдан 2022-жылга чейинки мезгил аралыгында окуган бүтүрүүчүлөрү менен студенттерине гана арналат.

Билим берүү программасы арт-менеджмент боюнча Базалык курстан жана төрт тереңдетилген модулдан түзүлгөн:

  • Модуль I: Лидерлик жана команданын ичинде иштөө;
  • Модуль II: Маданияттын жаңы ролу;
  • Модуль III: Долбоордук менеджмент;
  • Модуль IV: Фандрайзинг жана коммуникация.
Жалпысынан билим берүү курсун 290 катышуучу аяктаган.

Чакан гранттардын максаты болуп, Кыргызстандын аймактарында аянтчалардын (маданият үйлөрү, китепканалар, музейлер, жаштар борборлору ж.б.) туруктуу иштөөсү үчүн арт-менеджерлердин практикалык көндүмдөрүн чыңдоо жана колдоо эсептелет.

Тандоонун критерийлери:

  1. Өтүнмө ээси арт-менеджмент программасынын 2021-жылдан 2022-жылга чейинки мезгил аралыгындагы тереңдетилген курсунун жок дегенде эки модулунун бүтүрүүчүсү болууга тийиш;
  2. Өтүнмө ээси юридикалык жактын же уюмдун (КФ, КБ, ЖЧК, ЖИ) өкүлү болушу керек. Жеке, көз карандысыз өтүнмөлөр карап чыгууга кабыл алынбайт;
  3. Долбоордун идеясы Кыргызстандын аймактарындагы учурда иштеп жаткан аянтчалар: музейлер, маданият үйлөрү жана китепканалар менен жакын өнөктөштүктүн болушун талап кылууга тийиш;
  4. Долбоорлордо маданий мурас, адам укуктары, билим берүү, гендер ж.б. темалардагы түрдүү маданий иш-чаралар (көргөзмөлөр, воркшоптор, театралдык постановкалар, перформанстар) камтылышы керек;
  5. Тандалып алынган катышуучулар долбоордун идеясын мыктылоо, демилгелерди мониторингдөө менен баалап чыгуу методологиясын иштеп чыгуу, менторлор (улуттук тренерлер) менен эл аралык эксперттердин колдоосунда долбоорду имплементациялоо боюнча онлайн (2023-жылдын январь-май айлары) жана Бишкек шаарында өтө турган оффлайн (2023-жылдын февраль айы) эл аралык жумушчу жолугушууларга катышууга даяр болушу керек;
  6. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 1 айдан 3 айга чейин созулушу мүмкүн. Долбоорду баштоонун эң эрте убактысы - март. Бардык долбоорлор 2023-жылдын 20-майына карата аяктоого тийиш;
  7. Долбоордун болжолдуу бюджети 500 АКШ долларынан 1,000 АКШ долларына чейин. Бюджети 1,000 АКШ долларынан жогору болгон демилгелер кошо каржылоо камсыз кылынган учурда гана каралып чыгат;
  8. Тандоодон өткөн ар бир долбоорду «Кудук» фонду тарабынан дайындалган консультант коштойт. Консультант кеңеш берүү зарылдыгы келип чыккан учурда координатор менен чогуу иш алып барат, ошондой эле мониторинг жана баалоону ишке ашырат. Долбоорлор ишке ашырылган жерлердин ар бирине бир-эки жолу барылат. Долбоорлордун жумушчу тили: кыргыз, орус тилдери же долбоор ишке ашырылып жаткан жерде колдонулган башка тил;
  9. Өтүнмө ээси анкета толтурат. Анкетада долбоордун концепциясы, кыскача сыпаттама, максаттар, милдеттер, иш-чаралар планы жана бюджет камтылууга тийиш.
  10. Долбоордук сунуштардын баары эл аралык жюрилер тарабынан бааланат. Уюштуруучулар сынактык тандоодон өтпөй калган долбоордук сунуштар боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу укугун сактап калат.

Өтүнмө берүүнүн дедлайны: 22-январь 2023-жыл (саат 23:00гө чейин).
Өтүнмөлөрдү карап чыгуу мөөнөтү: 2023-жылдын 23-январынан 5-февралына чейин.

Сынактын жыйынтыктарын жарыялоо жана Бишкек шаарында өтө турган жумушчу жолугушууга чакыруу: 6-февраль 2023-жыл.

Долбоордун координатору Алина Махмедованын байланыш маалыматтары:
Почта дареги: alinamakhmedova@gmail.com
Телефону: 0555281519

Кыргызстандагы Швейцария Өкмөтү (Government of Switzerland) тарабынан каржыланган «Маданий лидерлик – аймактарды өнүктүрүү үчүн маданият» билим берүү программасынын Чакан гранттардын долбоорлору үчүн өтүнмө формасы
Сиз «Кудук» КФнун арт-менеджмент программасынын алкагында өткөн модулдардын аталыштары жана саны:
Чакан гранттардын программасы «Маданий лидерлик программасы – аймактарды өнүктүрүү үчүн маданият» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы Швейцария Өкмөтүнүн колдоосунда жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, «СТАН» жаштар уюму (Украина) жана «Маданият жана менеджмент лабораториясы» (Грузия) менен өнөктөштүк ичинде «Кудук» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.