"Лидерлик жана топ менен иштөө"
Тренингдин максаты: топ түзүү жана топ менен натыйжалуу иштешүү, аны башкарууну үйрөтүү
Тренингде төмөнкү темалар өтүлөт:
- Лидерлик деген эмне? Маданий лидер деген ким?
- Топ жана анын маанилүүлүгү;
- Процесс развития команды; Топтун өнүгүү процесси;
- Лидерлик жана топ;
- Топтун ичиндеги түшүнбөстүктөр;
- Топтун ичиндеги чыгармачылык жана проблемаларды чечүү.
Катышуучулар топту башкаруу, топ түзүүдөгү өзгөчөлүктөр жана ар түрдүү ыкмалар, топто ролдор менен жоопкерчиликти туура бөлүштүрүү, түшүнбөстүктөрдү кантип жокко чыгаруу жана топтун мүчөлөрү арасында натыйжалуу кызматташууну кантип камсыз кылуу керектигин үйрөнүшөт.
"Маданияттын жаңы ролу"
Тренингдин максаты: Маданияттын жаңы ролу жөнүндө билим жана түшүнүк берүү.
- Маданият, мамлекет, коом;
- Маданият жана билим берүү;
- Маданияттын бөлүгү катары – активизм;
- Маданият жана бизнес. Креативдүү экономика
"Долбоордук менеджмент"
Тренингдин максаты: катышуучуларга жеке идеяларын долбоорлорго чейин өнүктүрүү, долбоордук сунуш жана гранттык билдирме жазууну үйрөтүү
Тренингдин катышуучуларына долбоордук менеджменттин түзүлүшү, стратегиялык пландоонун негизги кадамдары жана арт-долбоорлордун каржылоосу жөнүндө терең жана ар тараптуу маалымат берилет.
Мындан тышкары долбоордук менеджменттин куралдары жана ыкмалары менен таанышышат:
- жагдайды талдоо;
- максат коюу;
- тобокелчиликтерди башкаруу;
- топ түзүү жана аны башкаруу;
- бюджет түзүү;
- мониторинг жана баалоо;
Модулдун катышуучулары практикалык түрдө долбоордук сунуш жазганга жана презентация түзгөнгө аракет жасашат.
"Маданият менен байланыштуу долбоорлордо байланыш, маркетинг жана фандрайзинг" Тренингдин башкы максаты: долбооруңуз үчүн каражаттарды тартуу, кесиптештер, шериктештер жана аудитория менен туура байланыш курууну үйрөтүү.
Фандрайзинг (долбоорго каражат тартуу):
- Фандрайзинг жөнүндө жалпы түшүнүк;
- Долбоорлорду каржылоо түрлөрү;
- Каражат тартуу үчүн божомол булактар;
- Маданият тармагындагы фандрайзинг. Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары;
- Долбооруңузга жардам көрсөтүүгө даяр болгон потенциалдуу колдоочуларды тартуу;
- Сүйлөшүү жана жолугушууларды өткөрүү эрежелери;
- Топторго бөлүнүп мисалдардын үстүндө иштөө.
"Байланыш" - Роль, максат, милдеттер жана таасири;- Байланыш стратегиялары;- Медиаплан, контент жаратуу;- СММ;- Кампания жана байланыш каналдары деген эмне;- Максаттуу топ;- Идея жана пикирилериңизди жеткиликтүү жана туура жеткире билүү;- Топторго бөлүнүп мисалдардын үстүндө иштөө.
Курска толугу менен же болбосо кээ бир модулдарга гана жазылсаңыз болот.