Тренингдин максаты: Маданияттын жаңы ролу жөнүндө билим жана түшүнүк берүү.
Тренингдин максаты: катышуучуларга жеке идеяларын долбоорлорго чейин өнүктүрүү, долбоордук сунуш жана гранттык билдирме жазууну үйрөтүү.
Тренингдин катышуучуларына долбоордук менеджменттин түзүлүшү, стратегиялык пландоонун негизги кадамдары жана арт-долбоорлордун каржылоосу жөнүндө терең жана ар тараптуу маалымат берилет.
Мындан тышкары долбоордук менеджменттин куралдары жана ыкмалары менен таанышышат:
- жагдайды талдоо;
- максат коюу;
- тобокелчиликтерди башкаруу;
- топ түзүү жана аны башкаруу;
- бюджет түзүү;
- мониторинг жана баалоо.
Модулдун катышуучулары практикалык түрдө долбоордук сунуш жазганга жана презентация түзгөнгө аракет жасашат.
Тренингдер быйылкы жылдын февраль айында эки күн бою онлайн-режимде өтөт. Биздин тренерлер – Украина менен Грузиянын алдыңкы арт-менеджерлеринен интенсивдүү окутуудан өткөн Кыргызстандын ар кайсы облусунан келген искусство жана маданият тармагындагы эксперттер.
Сабактардын форматы жана мөөнөтү: Тренингтер акысыз өтөт, онлайн түрүндө Zoom платформада.
Мөөнөтү: эки күн 4 - 4,5 саат.
Топтордо катышуучулардын саны 15ке чейин болот. Окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.
Тренингдин өтө турган күндөрү: 13 - 14 - апрель (орус тилинде)
16 - 17 - апрель (кыргыз тилинде)
16 - 17 - апрель (орус тилинде)
23 - 24 - апрель (орус тилинде)
Окуу курсу аяктагандан кийин, сабактардын бардык циклин өткөн катышуучуларга сертификат берилет.
Бардык суроолор боюнча svetosilnaya@gmail.com электрондук почтага же WhatsApp 0555223382 (Светлана) номерге жазыңыз.
«Маданий лидерлик программасы – региондорду өнүктүрүү үчүн маданият» долбоору Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, «СТАН» жаштар уюму (Украина) жана «Маданият жана менеджмент лабораториясы» (Грузия) өнөктөштүгүндө Швейцариянын Өкмөтүнүн (Government of Switzerland) колдоосун менен «"Кудук" маданий борбору» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылат.
Программанын негизги максаты — жалпысынан арт-коомчулукту жана маданий секторду активдештирүү, жергиликтүү деңгээлде креативдүү индустрияларды түзүү, өз регионунун жана өлкөнүн маданий саясатына жарандардын таасирин күчөтүү аркылуу Кыргызстандын кризистик жана кризистен кийинки учурда туруктуу экономикалык, социалдык, маданий жана демократиялык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.